Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

"Хакканинин" беделдүүлөрүнүн бири өлтүрүлгөнү айтылды


АКШнын аскерий кызматынын атын атагысы келбеген аткаминерлеринин бири Пакистанда "Хаккани" террордук тобунун таасирдүү мүчөсү Янбаз Задранхад жок кылынганын маалымдады.

Аскер кызмат өкүлүнүн маалымдашынча, Янбаз Ооганстандын түштүк чыгышында, Кабулда америкалык жана эл аралык мекемелерге кол салуу менен алектенген.

Расмий Вашингтон “Хаккани” тобун сентябрь айындагы АКШ жана НАТОнун Кабулдагы өкүлчүлүктөрүнө кол салуу үчүн айыптап келет.
Мурдараак АКШ Пакистандын атайын кызматын “Хаккани” тобу менен байланышы үчүн сындаган. Расмий Исламабад бул айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG