Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Батыровдун соту боюнча 6 күбө Кыргызстандан эбак чыгып кеткени айтылды


Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борбордун мурдагы башчысы Кадыржан Батыровдун соту боюнча 6 күбө жана 12 жабырлануучу эбак Кыргызстандан кетип калганы бүгүнкү соттук отурумда айтылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Тараптардын толук келбей жатканынан улам сот жараяны бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. Аларды милдеттүү түрдө алып келүү тууралуу токтомду судья 11 октябрда чыгарган. Кылмыш иши боюнча 300 күбө жазылса, алардын 23ү гана сотко келип көрсөтмө берди. 60 жабырлануучунун 26сы көрсөтмө берди.

Кадыржан Батыров жана дагы 5 адам былтыркы июнь коогалаңын уюштурушкан деген күнөө коюлуп, соттолуп жатышат. Алардын баары эл аралык издөөдө. Сот сырттан өтүп жатат. Соттолуучулар аларга коюлган күнөөлөр негизсиз экенин айтып келишет. Ош жана Жалал-Абаддагы былтыркы улут аралык коогалаңда 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. (RK)

XS
SM
MD
LG