Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Ташиев Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушууда


Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушууларын баштады. Кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун маалымдашынча, ушул тапта ал Базар-Коргон районунда эл менен жолугушууда. Ага чейин Майлуу-Сууда болуп, Кочкор-Ата шаарында өткөн кездешүүгө 4 миңдей адам келген. Суроо-жооп түрүндө өткөн жолугушууларда талапкер социалдык-экономикалык, саясый маселелер боюнча, өлкөнүн жалпы эле келечеги тууралуу өз пикирин билдирди. Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG