Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Грецияда коомдук транспорттун кызматкерлери иш ташташты


Грецияда бүгүн коомдук транспорттун кызматкерлери экинчи күн катары менен иш ташташууда. Борбор шаар Афиныда автобус, метро, трамвай, таксилер токтоп турат. Кийинки аптада да бир нече акция уюштурулуп, 19-20-октябрь күндөрү жалпы улуттук иш таштоо өткөрүлмөкчү.

Жумушчулар муну менен өкмөттүн бюджетти үнөмдөө долбооруна каршылыгын билдиришүүдө. Долбоордо бир топ катаң жана популярдуу эмес чаралар каралган. Грециянын каржы министри Эвангелос Венизелос элди биримдикке чакырып, кесиптик кошуундар “от менен ойноп жатышат” деп эскертти.

Бир катар реформалар, анын ичинде үнөмдөө чаралары ишке ашырылганда гана өлкө экономиканы кыйроодон куткаруу үчүн акчалай жардам ала алат. Кечээ Словакия парламенти евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн арасынан акыркы болуп, Грецияга жардам берүү фондун кеңейтүүнү колдоп добуш берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG