Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Апта: Бириккен күчтөр, күттүргөн реформа


Президенттикке талапкерлер иргеле баштады. Ички иштер министрлигин реформалоо талкууланды. Өкмөт орто мөөнөттүк программасын жарыялады.

Президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү ортолоп, добуш берүүгө эки апта калды. 25-сентябрдан бери жүрүп келаткан үгүт өнөктүгүндө бир катар талапкерлер “оюндан” чыгып кетти. Азыркы мезгилге карай талапкерлердин саны 19 болуп калды.

Ал эми өлкөдөгү саясий күчтөрдүн айрымдары бир талапкердин айланасында баш кошсо, башкалары дагы эле кеңешүүлөрдү улантууда. Маселен, “Республика”, “Ак шумкар”, “Бакубат Кыргызстан” сыяктуу партиялар Атамбаевди колдоп, анын пайдасына үгүт өнөктүгүнө киришүүдө.
Жер-жерлерде биздин система өзгөргөн жок. Ошол эле адамдар отурат. Алар мурда Акаев үчүн иштечү, анан Бакиев үчүн иштеди.

Ал эми Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Суваналиев, Кубатбек Байболов, Марат Иманкулов, Алмамбет Матубраимов жана башкалар өз алдынча баратышат. Талапкерлигин алып койгон Нариман Түлеев, Марат Султанов, Исхак Масалиев кайсы бир саясатчыны колдоорун ачык айта элек.

Мына ушул саясатчылар жакынкы күндөрү дагы бир ирет жолугушуп, биригүү багытында сүйлөшүү жүргүзүүсү күтүлүүдө.

Бул жоон топ саясатчылар биригип, акыркы апталардагы үгүт өнөктүгүн бирге жүргүзсө, анда негизги талапкер катары каралып жаткан Алмазбек Атамбаевдин биринчи турда жеңишке жетишүүсү татаалдайт. Талдоочулардын баамында, азыркы мезгилде негизги атаандаштык Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевдин ортосунда жүрүп жатат.

Жеңишке жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр пайдаланылып жатканы байкалууда. Мына ошондой ыңгайдын бирин Атамбаев пайдаланып, Москвага сапары менен Кремль ал тарапта экенин көрсөтүүгө аракет жасады.

Алмазбек Атамбаевдин Владимир Путин менен жолугушуусу Орусия кимди колдоорун көрсөткөн менен мыйзамдык жактан талаш-тартыштарды жаратты. Анткени өткөн жылы парламенттик шайлоо мезгилинде Кремлден бата алуу боюнча Кыргызстандагы партия лидерлеринин ортосунда кадимкидей жарыш жүргөн. Кремлдин финансы, маалымат ресурстары парламенттик шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир эткени сынга да алынган.

Мына ошондон кийин Кыргызстандагы шайлоого чет өлкөнүн таасирин азайтуу үчүн атайын мыйзам кабыл алган. Ал мыйзамга ылайык, үгүт өнөктүгү учурунда чет өлкөлүк лидер менен жолугушууну көрнөк-жарнактарда, маалымат каражаттарында үгүт багытында пайдаланууга тыюу салган. Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу болсо маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды.

Москванын батасын алуу жана административдик ресурсту пайдалануу Акаев жана Бакиев мезгилинде да кеңири колдонулчу. Мындай көрүнүштөрдү азыркы кезде бийликте тургандар сынга алчу. Бирок алар бийликке келгенден кийин өздөрү административдик ресурсту пайдаланып жатканы айтылууда.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова административдик ресурстарды пайдалануу боюнча сөздөр көп болуп, бирок фактыларга келгенде аксап калып жатканын белгиледи:

- Жер-жерлерде биздин система өзгөргөн жок. Ошол эле адамдар отурат. Алар мурда Акаев үчүн иштечү, анан Бакиев үчүн иштеди. Эми мына жаңы бийлик келди, аларга да иштейт. Булар кандай бийлик болбосун иштей беришет. Эгерде жаңы бийлик келип, "биз административдик ресурсту колдонбойбуз, биз ага чек койобуз" десе, анда биз ал белгилерди текшерип, административдик ресурска жол берген жетекчилерди жоопкерчиликке тартыш керек. Ансыз административдик ресурс токтобойт. Дайыма колдонула берет.

Ошурахунова ошондой эле мамлекеттик телеканалдарда бир талапкерге артыкчылык берген фактылар орун алып жатканын, бул кийинчерээк шайлоонун жыйынтыгын күмөнгө алып келе турган факторлордун бири экенин кошумчалады.

ИИМ реформаланабы?

Бул аптада Кыргызстанда Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча конференция өттү. Негизи эле Кыргызстандын бийлик системасынын ортоңку катмары социалисттик мезгилдеги абалында калып, ал эми коом базар мамилесине өтүп кеткени белгилүү. Ички иштер министрлиги да ошол социалисттик мезгилдеги структура жана функциясы менен калганы маалым.

Орусия мына ошол системаны өзгөртүү үчүн милицияны полицияга айландырды. Грузия ички иштер органдарын натыйжалуу реформалаганы маалым.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоо жөнүндө көптөн бери сөз болуп келатат. Бул ишке Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму да тартылып, мындан тогуз жыл мурун атайын долбоорлор түзүлгөн жана каражат бөлүнгөн. Бирок андан натыйжа дээрлик болгон жок дейт “Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова:

- Долбоордо сегиз программа болгон. Ошолордун талдай турган болсок сегиз программанын бирөө гана жарым-жартылай ийгиликке жетишпесе, такыр эле ийгиликсиз долбоор болгондой болуп жатат. Программа башталгандан бери эле жылына бирден концепция иштеп чыгабыз. Анан концепция кагаз жүзүндө калат. Чындап ошол концепцияны турмушка ашыруу деген жок. Эмне үчүн ушуну өзгөртүшүбүз керек деген маселе коюлбай жатат.

Азиза Абдирасулованын айтымында, ЕККУнун жардамы менен аткарылган программалардын ичинен Ички иштер министрлигинин райондук бөлүмдөрүн автоунаалар менен камсыздоо жагында жылыштар болду.

Өкмөт Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча жаңы комиссия түздү. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү да тартылган.

Парламенттин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков Ички иштер министрлигинин ички иштөө принциптерин өзгөртүү зарыл дейт:

- Негизинен биздин участкалык инспектор, милиционерлер кандай иштеш керек? Тергөө, оперативдик кызматкерлер кандай иштеш керек? Мына ошолордо кептин баары. Эмне үчүн бизде жакшы жыйынтыктар болбой жатат? Участкалык инспекторлордун жакшы жыйынтыгы жок. Эл нааразы. Тергөө ишине да нааразылык көп. Оперативдик иштерге да ушундай эле.

Нааразы болбош үчүн эмне кылыш? Мына ошого жооп табышыбыз керек. Алар кандай, кайсы багытта иштеш керек? Биз ошолордун баарын мыйзам менен бекитишбиз керек. Андан кийин бизде структураларын көп. Алардын иштөө принциптерин тактап чыгуубуз керек. Анан гана реформага барыш керек. Азыр булар муниципалдык, криминалдык деп аттарын өзгөртүп, бирок ички мазмуну мурункудай калса кандай жыйынтык болмок эле? Биз түп-тамырынан бери өзгөртүш үчүн анын багыттарын, иштөө принциптерин өзгөртүүбүз керек
.

Өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия азырынча өзүнүн сунуштарын бере элек. Ал кандайдыр бир реалдуу өзгөрүүлөргө алып келеби же мурунку калыбында калабы - муну мезгил көрсөтөт. Негизи адистер Ички иштер министрлигинин башкы функциясы коомдук тартипти сактоо жана криминалга каршы күрөш экенин белгилеп келет.

Өкмөт программасын жарыялады

Өмүрбек Бабанов жетектеген өкмөт өлкөнүн орто мөөнөттө өнүгүүсү боюнча жаңы программаны парламентке сунуштады. Парламенттин фракциялары ал программаны кароого киришти. Узап бараткан аптада “Республика” жана Кыргызстан социал-демократтар фракциясы алгачкы талкууларды өткөрдү.

Программа 2014-жылга чейин аткарылыш керек. Мына ошол кезге чейин 8 млрд. 300 млн. доллар каражат табылып, ал 40 улуттук долбоорду турмушка ашырууга багытталууга тийиш. 40 долбоордун ичиндеги негизги долбоорлор катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу, Датка-Хожент, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линияларын тартуу, Камбар-Ата-1 жана жогорку Нарында 4 ГЭСти куруу, алтын кендерин иштетүү, айыл-суу чарбасында 400 млн. долларга бааланган долбоорлорду аткаруу каралган. Мына ушул долбоорлорду аткаруу менен өкмөт экономикадагы өсүштү 8% жеткирип, бюджеттин тартыштыгын да кыскартууга умтулат.

Программанын алкагында өкмөт “Центеррадагы” акцияларды күрөөгө коюп, насыя алууну пландаган. Ал насыя жаңыдан түзүлө турган Өнүктүрүү банкында топтолот. Ал банк ипотека, лизинг жана ишкерлерге насыя берүү багытында иш жүргүзөт. Өкмөт ошондой эле текшерүү, уруксат берүү тармактарын реформалап, аларды кыскартуу көздөп жатат.

“Республика” фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров өкмөттүн программасында белгиленген 8 млрд. доллардан ашуун каражатты табуу кыйындыгын, бирок башка тармактарды камтыган бөлүгүн аткаруу реалдуу экенин белгиледи:

- Чындыгында 8 млрд. долларды табуу өтө кыйын. Бирок андан башка колдон келе турган иштер бар экен. Маселен, лицензиялоо, ишканаларды текшерүүнү кыскартуу боюнча маселелерди чечсе болот. Программаны 100% болбосо да 70% аткарса болот.

“Республика” фракциясы программаны жактырып берди. Бул программа президенттик шайлоодон кийин коалиция алмашкан соң жаңы өкмөт башчыны шайлоого карата “Республика” тарабынан даярдык десе да болот. Анын үстүнө программа “Республиканын” квотасы менен шайланган министр Учкунбек Ташбаев тарабынан даярдалган.

Мына ошол алдыдагы өкмөт башчылык күрөшкө байланыштуубу, айтор Кыргызстан социал-демократиялык фракциясынын айрым мүчөлөрү программаны сынга алып чыкты. Маселен, депутат Дамира Ниязалиева программаны ишке ашыруунун механизмдери жоктугун белгиледи. Бирок фракция жалпысынан программаны дагы бир карап көрүү жыйынтыгына келген. Ал тууралуу фракция лидери Чыныбай Турсунбеков:

- Биз эксперттерди тартуу менен дагы талкуулайлы деп чечтик. Анткени бул абдан олуттуу документ. Ошон үчүн эксперттердин пикирин угуп, андан кийин чечим кабыл алалы деп чечтик.
Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, өкмөттүн программасын турмушка ашыруу мүмкүн.

Көз карандысыз экономист Азамат Акелеев программанын идеялары туура дейт. Бирок аны аткаруу жагы күмөн жаратарын айтат:

- Жөн эле конкреттүү эмес пландай болуп калган. Эмдиги жылы бул нерселер аткарылчудай эмес. Анткени бюджетке киргизилген эмес. Мисалы, 280 лицензияны жоюу каралыптыр. Ал абдан туура нерсе. Бирок атайын каражаттар деп койот го, ошолор ошол бойдон бюджеттин ичинде калган. Ошол лицензиялардын акчалары ошол атайын каражаттарга кирет. Эгерде чыныгы жоюу ниети болсо, анда ал каражаттар бюджетте каралмак эмес.

Акелеев ошондой эле улуттук деп аталган 40 долбоорду аткаруу да реалдуу эмес деп эсептейт. Анткени ага абдан көп каражат талап кылынат.

Бул программаны аткаруу президенттик шайлоодон кийин өкмөт кандай кураларына көз каранды. Эгерде азыркы коалиция сакталып калса, анда программа үчүн да мүмкүнчүлүк пайда болот. Эгерде өкмөткө жаңы саясатчылар келсе, алардын экономикалык көз карашы башкача болуп, ошого жараша программа да өзгөртүлүшү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG