Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53
Azattyk Twitter

Германия Ходорковскийге каршы кылмыш иш ачты


Германияда ачылган кылмыш иште ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский аткезчилик деген негизде айыпталат.Бул тууралуу
ишембиде немистердин "Zueddeutsche Zeitung" гезити жазып чыкты. Германиянын батышындагы Мюнстер шаарында швейцариялык "Julius Bar" банкынын жергиликтүү бөлүмүн тинтүү маалында М.Ходорковскийдин атына катталган эсептен 15 миллион евро табылган.

ЮКОСТун мурдагы ээсине кылмыш иши бир нече ай мурун ачылганы айтылууда. Бирок азырынча расмий тастыкталган маалымат чыга жок.

ЮКОСтун ээлери Михаил Ходорковский менен Платон Лебедев кара май уурдаган жана салык төлөөнү жашырган деген кине менен 13 жылдан эркинен ажыратылып, учурда жаза өтөөдө.
XS
SM
MD
LG