Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Бер-Булакта чечен айтыш мелдеши өтүүдө


Бүгүн “Перемена” коомдук кору Чүйдөгү Аламүдүн районундагы Бер-Булак айылында пикир айтыш жана чечендик өнөр боюнча окуучулар арасында мелдеш өткөрүп жатат.

Окуучулар элеттик жаштарга тийиштүү маселелер боюнча кайым айтышып, аларды чечүү боюнча өз ойлорун ортого салышууда. Айылдык жаштар арасында бул дебаттар кылмыштуулукту жоюу, укуктук билим деңгээлин көтөрүү, ийгилик жаратуу темалары боюнча уюштурулууда. Анын жыйынтыктары тийиштүү министрлик жана бейөкмөт уюмдарына жолдонот.

Иш-чарага Мамлекеттик тил боюнча комиссия жана Бер-Булак айылынын жаштар уюму колдоо көрсөтүүдө. Бул тууралуу "Перемена" коомдук корунан билдиришти. (ЕК)

XS
SM
MD
LG