Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:06

Талапкерлердин жолугушуу кезеги – Жалал-Абадда


БШК белгилеген күн тартип боюнча бардык талапкерлердин эл менен жолугушуу кезеги 17-октябрда Жалал-Абадга тийет, бирок азырынча ага кайсы талапкер катышаары тууралуу маалымат жок. Шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариси Турдубаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, талапкерлер өз жолугушуулары тууралуу шайлоокомдор менен макулдашпайт. Буга чейин да Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясына жолугушуу уюштуруу өтүнүчү жана шайлоо мыйзамы бузулганы тууралуу бир да талапкерден кайрылуу түшкөн жок. Ошондуктан төрт талапкерден ( А. Мадумаров, А. Атамбаев, К. Ташиев жана К. Байболов) башкалары Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушуу өткөргөн-өткөрбөгөнү белгисиз.\

Бул күндөрү Жалал-Абад облусун президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев кыдырып жүрөт. Ал 16-октябрда Жалал-Абад шаарынын жана Сузактын Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушту. (YA)

XS
SM
MD
LG