Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

БШК: Баш тарткан талапкерлерди бюллетенден кол менен сызып чыгышат


Шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлердин аты-жөнүн шайлоо бюллетендеринен участкалык комиссиялардын кызматкерлери сыя менен сызып чыгышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" БШКдан маалымдашты. Бюллетендерди басып чыгаруу 10-октябрда башталган. Анда 23 талапкердин аты бар. 13-октябрда БШК отурумунда талапкерлер Нариман Түлеевдин, Исхак Масалиевдин жана Шамшыбек Медетбековдун берген арыздары боюнча алар маарадан четтетилген. Эми Түлеев, Масалиев жана Медетбековдун фамилиялары ар бир бюллетенден кол менен өчүрүлүп чыгат. Акылбек Жапаров да талапкерлигин алганы тууралуу интернет-булактарынан маалым болгон. БШКнын ал боюнча расмий токтому азырынча жок. Шайлоо бюллетендерин басып чыгуу 19-октябрда аяктайт. Жалпысынан 2 миллион 870 миңге жакын бюллетен басылып чыгат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда болот. (RK)

XS
SM
MD
LG