Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

БУУнун баш кеңсесинде кыргыз маданий кечеси өттү


Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде 14-октябрда кыргыз пианисти Азамат Сыдыковдун маданий кечеси өттү. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Кечеге дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Нью-Йоркто жашаган кыргыздар катышышты. Маданий иш-чара Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө катары кирүүсү боюнча маалымат кампаниясынын алкагында өттү. Азамат Сыдыков Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын бүтүргөн. Учурда музыкалык билимин АКШда улантууда. БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө өтүүгө Кыргызстандын арызы 21-октябрда каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирген. Президент Роза Отунбаева сентябрда Нью-Йоркко иш сапары маалында БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өтүүдө Кыргызстандын башкы атаандашы Пакистан экенин билдирген. Кеңешке жалпысынан 15 өлкө мүчө, анын бешөө туруктуу, калгандары туруктуу эмес деген макамды алып жүрөт. (RK)

XS
SM
MD
LG