Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Президент балдарды мектепке кайтарууга чакырды


Бул тууралуу президент Роза Отунбаеванын 17-октябрдагы видеокүндөлүгүндө айтылат. Билим берүү министрлигинин, Улуттук Статистика Комитетинин жана БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) эсеби боюнча Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны 2 миңден 30 миңге чейин жетет. "Бул бүтүндөй бир шаардын же райондун калкы" деп эсептеген президент балдардын окубай, билимсиз чоңоюп жатышын өлкөнүн келечеги үчүн кооптуу көрүнүш катары белгилеген. Ошондуктан мектепте балдарды мазактоого, басмырлоого, рекэчиликке, балдардын кароосуз калышына, селсаяктыкка каршы башкаруу органдарынан тартып ата-энелерге чейин жалпы коомчулукту биргелешип күрөшүүгө чакырган.
Видеокүндөлүктө маалымдалганга караганда президент балдарды мектепке кайтаруу, сабаттуу муунду тарбиялоо маселеси боюнча ноябрь айында кеңешме өткөргөнү жатат. (RK/BuS)

XS
SM
MD
LG