Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Отунбаева: Июнь окуясын иликтөөдө белгилүү бир натыйжалар бар


Былтыркы июнь окуялары боюнча иликтөө иштеринде белгилүү бир натыйжалар бар. Бул тууралуу бүгүн президент Роза Отунбаева “Биринчи радиого” берген интервьюсунда айтты. Ошону менен бирге эле, деди президент, чечилбеген маселелер да жок эмес. 22 адамдын өздүгү тактала элек. Россияда кармалган 8-9 адам ал жактын жарандыгын алып алган экен.

“Дүйшөмбү шаарында ушул жылдын 2-сентябрында Президент Дмитрий Медведев менен жолугушкан учурда ушул адамдарды Кыргызстанга алып келүү процессин тездетүүнү өтүндүм. Анткени, алар абдан маанилүү болгон бир катар фактыларды айтып беришсе, иликтөө иштерине кыйла көмөк көрсөтүшкөн болоор эле. Прокуратурабыз бул багытта россиялык коллегалары менен тыгыз иштешип жатат”, - деди президент Отунбаева.

Мамлекет башчысынын айтымында, азыркы күнгө чейин 156 иш иликтенип, сотко жөнөтүлдү. Бул процесс уланууда. Ош жана Жалал-Абад облустарында былтыркы жылдын июнь айындагы улут аралык коогалаңда 400дөн ашуун адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG