Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Орус өкмөт башчысы шайлоочуларда тандоо мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт


Владимир Путин анын келерки жылдагы президенттик шайлоодогу жеңиши азыртан эле кепилденип калды деген ырастоолорду орус телеканалдары үзүндүлөрүн берген маегинде четке какты.

Орус өкмөт башчысынын пикиринде, “катардагы жарандар үчүн ар убак тандоо мүмкүнчүлүгү бар”.

Путин маегинде декабрдагы парламенттик шайлоого да кайрылып, анын “Бирдиктүү Орусия” партиясынын шайлоодон кийин да жетектөөчү саясий күч бойдон калуусу маанилүү экендигин белгилейт.

Путиндин айтымында, “эң башкысы адамдардын ишеними”. Орусиянын мамлекеттик телеканалы Путиндин маегин бүгүн толугу менен Бишкек убактысы боюнча 22:30та көргөзөт.

XS
SM
MD
LG