Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

“Аррай” каналы Муаммар Каддафинин уулу каза тапканын ырастады


Сирияда жайгашкан жана Ливиянын бийликтен кулатылган лидерин колдогон “Аррай” телеканалынын маалыматына караганда, Муаммар Каддафинин кичүү уулу Хамис жана Каддафинин учурунда Ливиянын чалгын кызматын башкарган Мохаммед ал-Сенуси 29-августа Триполинин түштүгүндөгү уруш учурунда каза табышкан.

Муну менен аталган телеканал Ливиянын утурумдук бийликтери айткан маалыматты бүгүн биринчи ирет бүгүн ырастады. Муаммар Каддафинин Хамис аттуу уулу элиталык аскерий бөлүккө командачылык кылган.

Бул аралыкта бүгүн Ливиянын Улуттук өткөөл кеңешинин кол башчылары өкмөттүк аскерлер борбор калаа Триполиден 170 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан Бани Валид шаарына киришкенин билдирди.

Бани Валид жана Сирт шаарларында Каддафиге жантарткандар Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрүнө каршылык көрсөтүүнү улантууда.

XS
SM
MD
LG