Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

ЭВК беларус бийлигин реформага дилгирлигин көргөзүүгө чакырды


Валюта корунун Минскиде өлкө бийликтери менен жолуккан миссия башчысы Крис Жарвистин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, насыя боюнча сүйлөшүүлөр башталганга чейин беларус бийлиги реформага дилгирлигин көргөзүүсү керек:

-Бийликтер структуралык реформа өзгөчө ишканаларды реформалоо, менчиктештирүү, бааны либералдаштыруу, банк секторун реформалоо боюнча ишин улантуусу жана тездетүүсү керек. Кубаттуу жана туруктуу өсүшкө жетишүү, жашоо стандарттарын ишенимдүү жол менен жакшыртуу үчүн Беларус терең структуралык реформага муктаж.

Быйыл 1991-жылдан берки эң оор каржы кризисине кабылган Беларустун өкмөтү Эл аралык валюта корунан 7 миллард долларга чейин насыя сураган.

Эл аралык валюта корунун өкүлү бүгүнкү басма сөз жыйында белгилегендей, сүйлөшүүлөр азырынча Беларуска кандай көлөмдөгү насыя берилерин талкуулагыдай деңгээлге жете элек. ЭФК өкүлү кошумчалагандай, өкмөт быйыл алтымыш пайыздан ашкан инфляцияны азайтууга көңүл буруусу керек.

XS
SM
MD
LG