Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

БУУнун башкатчысы Косово менен Сербияны чек ара талашын чечүүгө үндөдү


Пан Ги Мун белгилегендей, чек ара боюнча талаштар диалог аркылуу жөнгө салынышы абзел жана чек аралардын блокадаланышы кабыл алынгыс. Косовонун түндүгүндөгү этникалык сербдер Сербия менен чек арадагы эки өткөөл бекетке алып баруучу жолдорду тороп турушат.

Жолдорго баррикада орнотуу июнь айынын соңунда соода чатагынын арты кыянатчылыктар менен коштолгондон кийин башталган. НАТО баштаган күчтөр сербдерге тосмолорун өз эрки менен алуусу үчүн шейшембиге чейин убакыт берип, болбосо буга кийлигише турганын эскертишти.

Косово көз карандысыздыгын 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялаган. Сербия болсо аны азыр деле өз аймагы жана түштүк провинциясы катары санайт.

XS
SM
MD
LG