Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Бүгүн Киевде Украина менен Орусиянын президенттери жолугушат


Виктор Янукович менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусунда Орусия Украинага “газды арзан сатып, анын оордуна тыгыз кызматташтыкты сунуш кылышы” мүмкүн. Киев буга чейин мындай сунушту четке кагып, Орусия менен эмес, Евробиримдик менен тыгызыраак кызматташууга артыкчылык берип келген.
Бирок өткөн аптада өлкөнүн мурдагы премьер-министри, азыркы оппозициянын лидерлеринин бири Юлия Тимошенко жети жылга түрмөгө кесилгени Украина менен Евробиримдиктин алакасына жарака кетиргендей болду. Расмий Брюсселдин эскертүүлөрүнө карабай, Киев Тимошенкого каршы жаңы кылмыш иши ачылып жатканын жарыялады.

XS
SM
MD
LG