Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Чет өлкөдөгү кыргызстандык шайлоочулардын саны 10 миңге өстү


Чет өлкөлөрдө жалпысынан 36 миң кыргызстандык шайлоочулар тизмесине кирди. Булар чет өлкөдө жашап, консулдук каттоодо турган жарандар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 17-октябрда өткөн маалымат жыйында билдирди. Өткөн айдын соңунда “Замандаш” ассоциациясы чет өлкөлөрдө жалпысынан 24 миң кыргызстандык шайлоочулар тизмесине киргизилгенин билдирген эле.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо учурунда чет өлкөдө Кыргызстандын элчилиги жана консулдуктарында гана шайлоо участоктору ачылат. Ал эми Кыргызстандын элчилиги жок шаарда жашаган жарандар же мекенине келип, же жакын жайгашкан консулдукка барып добуш бере алат. БШКнын маалыматы боюнча, чет өлкөдө жалпысынан 24 шайлоо участогу ачылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG