Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 20:34

Калкты социалдык коргоо боюнча стратегия иштелип жатат


“Кыргыз Республикасында 2012-2015-жылдарга калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын” долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу мамлекет башчысы Роза Отунбаева бүгүн социалдык коргоо кызматкеринин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоо сөзүндө айтты. “Бул программалык документ социалдык коргоону өнүктүрүүгө дагы да зор түрткү бере тургандыгына ишенем”, - деди президент. Кыргызстандын социалдык коргоо кызматкеринин күнү жыл сайын 19-октябрда белгиленет. Эртең Роза Отунбаеванын катышуусу менен салтанаттуу жыйын өтүп, анда мыкты кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG