Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Жалал-Абад, Сузактагы жолугушууларга эки гана талапкердин өкүлү келди


17-октябрда Сузак аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулар үчүн уюштурулган жолугушууга президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин гана ыйгарым укуктуу өкүлү катышты. "Телтору" ат майданына 150дөй адам чогулса, талапкердин өкүлү сүйлөп бүткөндөн кийин 20-30у гана калды. Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясы уюштурган ушундай эле жолугушууга талапкер Арстанбек Абдылдаевдин гана ишенимдүү өкүлү катышты. Стадионго шаардын казыналык мекемелеринде иштегендер жана балдар менен чогуу эсептегенде 200дөн ашык адам чогулду .Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов маалымдайт. Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева 17-октябрда БШК белгилеген тартипте жолугушуу өтөөрү тууралу талапкерлердин бардыгына он беш кун мурда кабар жөнөтүлгөндүгүн,ага карабай бир да талапкер эл алдына келбегендигин билдирди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG