Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Диний кызматкерлердин үгүт ишине аралашканы боюнча маалымат түшө элек


Бүгүн өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссия шайлоо алдындагы диний кырдаалга байланыштуу маалымат жыйын өткөрдү. Комиссиянын маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Табылды Орозалиев “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” мыйзам жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин жана президентин шайлоо жөнүндөгү” мыйзам диний кызматкерлердин шайлоо өнөктүгүгүнө жана үгүт иштерине аралашуусуна тыюу салаарын эскертти. Анын айтымында, учурда диний кызматкерлердин үгүт ишине аралашканы же болбосо президенттикке талапкерлердин мечит медреселерде, сыйынуу жайларда үгүт жүргүзгөнү боюнча маалыматтар жок. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG