Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Коогалаңда жабыркагандарга Орусиянын берген жардамы жыйынтыкталды


Июнь коогалаңында жабыркаган Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү үчүн Орусия өкмөтү бөлүп берген 5 миллион доллардын сарпталышы боюнча талкуу болду. Бүгүн Ошто өткөн жолугушууга Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов, БУУнун өнүгүү программасынын туруктуу өкүлү Александр Аванесов катышты. БУУнун өнүгүү программасы, Балдар фонду, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аркылуу ишке ашкан долбоорлордун жыйынтыгы талкууланды. Калктын саламаттыгын сактоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын ишин бекемдөө жана социалдык объекттерди калыбына келтирүү боюнча иштер жасалганы айтылды. 2010-жылдын июнь айында болгон улут аралык жаңжалда 400дөн ашык адам набыт болгон. 20дай адамдын кайда экени белгисиз. Дагы ошончо сөөктүн ким экени али күнчө аныктала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG