Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Базар-Коргондо көп сандагы ок-дары табылды


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда көп сандаган ок-дары табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Бишкек-Ош жолунун боюндагы кафелердин биринин жанында катылган баштыкта Макаров тапанчасынын 32 огу, Калашников автоматынын 1036 огу табылган. Кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды. 2010-жылдын июнь айындагы улут аралык коогалаң учурунда Базар-Коргон районунда да ок атышуулар болгон. Ош жана Жалал-Абад облустарында жалпысынан 400дөн ашуун адам набыт болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG