Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Таласта "Коппер Голд" компаниясынын ишмердүүлүгү талкууланды


Бүгүн Талас районунун Арал айылында жергиликтүү тургундар менен облус жана райондун жетекчилери жолгушуту. Айылга жакын жайгашкан Талды-Булак кенин чалгындап жаткан “Талас Коппер Голд” компаниясынын мындан аркы ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду. Жыйынга 250дөй киши катышты. Анда Талды-Булак кенин чалгындоо экологиялык себептерден улам токтотулсун деген ойлор айтылды. Буга чейин айылдык кеңештин депутаттары элдин талабын эске алып өздөрүнүн кезексиз жыйынында “Талас Коппер Голд” компаниясы кенди чалгындоону токтотсун деген токтом чыгарганын депутат Масалбек Ниязалиев билдирди. Талас облусунун губернатору Койсун Курманалиева аралдыктарды мыйзамды сыйлоого чакырды. Жыйынга “Талас Коппер Голд” компаниясынын өкүлдөрү келген жок. “Азаттыкка” курган маегинде компаниянын өкмөт жана коомчулук менен байланыш директору Максат Көбөнбаев буга чейин болгон окуяларга карабай чалгындоо иштери уланаарын айткан болчу. Жыйындан кийин чогулган 100гө чукул киши компаниянын өртөлгөн лагерине барып, ал жакта иштеген жергиликтүү жумушчуларды кысым кылып, жумуштарын таштап кетүүгө мажбур кылышты. “Талас Коппер Голддун” чатырын 8-октябрь түнү белгисиз адамдар өрттөп кеткен. Аталган компаниянын ушул эле лагери жылдын башында, март айында да өрттөлгөн болчу. Күнөөлүүлөр ушул күнгө чейин табыла элек. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG