Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Түрк тышкы иштер министри Сирия оппозициясы менен жолугушту


Дүйшөмбүнүн кечинде Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу Анкарада Сириянын оппозициялык улуттук кеңешинин өкүлдөрү менен жолукканы бүгүн маалымдалды. Белгилүү болгондой, Давутоглу Сирияда демократиялык өзгөрүүлөр үчүн күрөшүү сөз жок тынчтык жолу менен жүрүшүн сунуштаган.

Сириянын оппозициялык улуттук кеңеши кеңири чөйрөдө сириялык оппозиция өкүлдөрүн бириктирүү үчүн сентябрь айында Түркияда түзүлгөн.

Сириянын аймактарында 7 айдан бери президент Башар Ассаддын кызматтан кетүүсүн талап кылган массалык акциялар уланып келет. Демонстрациялар коопсуздук күчтөрү жана аскерлер тарабынан зомбулук менен басылууда.

Бириккен Улуттар уюмунун эсебинде, март айынан берки толкундоолордо өкмөттүк аскерлер колдуу болуп 3 миңден ашык, негизинен жайкын тургундар каза тапты.

XS
SM
MD
LG