Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

5-каналдын тагдыры талкууланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” "Медиа полиси" институтунун жетекчиси Бегаим Үсөнова билдирди. Анын айтымында “5-каналдын келечеги же парламенттик телеканал деген эмне?” деген аталыштагы жыйынга депутаттар, тиешелүү мамлекет түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, медиа-эксперттер чакырылган. Анда аталган канал парламенттик болуп өзгөрсө, аны ким каржылайт, эмгек жамаатынын тагдыры эмне болот, редакциялык саясат кандай өзгөрөт деген маселелер талкууланат.

Жогорку Кеңеш 22-сентябрдагы отурумунда 5-канал тууралуу мыйзамды президенттин каршы пикиринен ашып түшүп, көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Ага ылайык, аталган телекомпания парламенттик канал болмок. Бирок президенттин маалымат кызматы Роза Отунбаева 5-канал жөнүндө мыйзамга кол коё албай турганын билдирген катты 18-октябрда ЖК төрагасы Акматбек Келдибековго жолдогонун кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG