Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Чилиде студенттер массалык демонстрацияга чыгышты


Борбор калаа Сантьягодо демонстрацияга чыккан студенттер менен полиция кагылыша кетти. Кабарларга караганда, бетин чүмбөттөп алган демонстранттар полицияга колдо жасалган жардыргычтарды ыргытып, бир автобусту өрттөп жиберишкен. Шаарда транспорт жүрбөй калганы айтылууда. Камалгандар болгон-болбогону тууралуу азырынча маалымат жок. Чилиде студенттер коомдук билим берүү системасы бекер болушун талап кылып, менчик окуу жайларга мамлекеттик колдоо кыскартылганына нааразылык билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG