Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун кеңешмеси Ташкентте өтүп жатат


Бүгүн Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн Жогорку Сотторунун жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандан Жогорку Соттун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кадичакан Апаитова катышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, жыйындын катышуучулары тартип коргоо жана сот органдарынын ишин жөнгө салуу, илимий-практикалык тажрыйба менен алмашуу жана соттошкон тараптарды элдештирүү ыкмаларын киргизүү маселелерин талкуулап жатышат. ШКУга алты өлкө - Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG