Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Холмирзаевдин өлүмүнө шектүүлөрдүн экөө тил кат менен бошотулду


Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмү боюнча соттолуп жаткан эки милиционердин - Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Кубан Нуриев жана Мунарбек Маматалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Кабарчыбыздын маалымдашынча, экөөнүн ден соолугу начарлап баратканына байланыштуу адвокаттардын өтүнүчү боюнча судья аларды сыртка чыгып кетпөө тууралуу тил кат менен бошотту. Ишти Чүйдүн Сокулук райондук соту карап жатат. Базар-Коргондо иликтөө жүрүп жатканда соттолуучулардын тарапкерлери тоскоолдук кылгандыктан, сотту бейтарап жерге которуу чечими кабыл алынган болчу. Кийинки соттук отурум 2-ноябрда болот. Ага күбөлөрдүн толук келишин камсыз кылуу тапшырмасы прокуратурага берилди. Холмирзаев 9-августта каза болгон. Ага чейин аны Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук милициясы былтыркы июнь окуясы боюнча суракка чакырган. Холмирзаев сурактан келгенден кийин аны милиционерлер катуу сабаганын, акча талап кылганын айткан. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG