Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Араб лигасы Сириядагы каршылаш тараптарды элдештирет


Араб лигасы Сирия өкмөтү менен оппозициячыл топторду элдештирип, өлкөдөгү зобун-зордукту токтотууну каалайт. Мындай план Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин Каирде болгон кезексиз кездешүүсүндө жарыяланды. Ага ылайык, Сирия өкмөтү менен оппозицияны сүйлөштүрүү үчүн комитет түзүлмөкчү. Араб лигасына 22 мамлекет мүчө.

Мурдараак Араб лигасынын башчысы Набил ал-Араби армия саясий демонстрацияларды күч менен басканы үчүн Сирия уюмга мүчөлүктөн убактылуу чыгарылды деген маалыматты төгүнгө чыгарган.

Бириккен Улуттар уюмунун маалымдашынча, марттан бери Сирияда жүрүп жаткан элдик толкундоолордо 3 миңдей адам, анын ичинде 187 бала набыт болду.

XS
SM
MD
LG