Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Жалал-Абад: Сотторго нааразы болгондор облбийлик алдында турушат


Жалал-Абад облустук бийликтин алдында бир сааттан ашык убакыттан бери жетимиштей адам чогулуп турушат. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Алар облустук администрацияда боло турган талкууну күтүп турушат. Арыз-даттанууларын канааттандырбады дешип, шаардык жана облустук сотторго нааразы болушууда. Кечээ митинг өткөрүшкөндө облбийликтин укук коргоо органдары боюнча бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов аларга “ маселеңерди 19-октябрда саат 15те облустук бийлик жана сот, прокуратура, ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу талкуулайбыз“- деп убада берген. “Сотторду тазалоо” кыймылынын облустагы өкүлү Арстанбек Жээнбеков сот реформасын жана облустук соттун кызматтан кетүүсүн талап кылаарын билдирди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG