Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Ош-Бишкек унаа жолу үч саат жабык турду


Бишкек-Ош унаа жолунун Базар-Коргон районундагы бөлүгү бүгүн саат 11ден 40 мүнөт өткөндө жабылып, саат 15 жарымда ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов маалымдайт. Жолду тоскон 200-250дөй адам Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө байланыштуу учурда кылмыш иштери Сокулук районунда каралып жаткан базар-коргондук төрт милиционерди үй камагына чыгарып, аларга карата адилеттүү чечим кабыл алууну талап кылышты. Тосулган жолдун эки жагында 1500дөй киши менен жүздөгөн автоунаа топтолду. Митингчилер жолду райондук жетекчилер төрт милиционердин экөөсү тил кат менен бүгүн экинчи ирээт болгон Сокулук райондук сотунун чечими менен үй абагына которулганын уккандан кийин ачышты. Бирок жол тосууну эртең кайра улантканы жатышат. Ишти Чүйдүн Сокулук райондук соту карап жатат. Базар-Коргондо иликтөө жүрүп жатканда соттолуучулардын тарапкерлери тоскоолдук кылгандыктан, сотту бейтарап жерге которуу чечими кабыл алынган болчу. Холмирзаев 9-августта каза болгон. 7-августта аны Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук милициясы былтыркы июнь окуясы боюнча суракка чакырган. Холмирзаев сурактан келгенден кийин аны милиционерлер катуу сабаганын, акча талап кылганын айткан. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG