Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Келдибеков "Бешинчи канал" боюнча мыйзамга кол койду


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков бүгүн «Бешинчи канал» жабык акционердик коому жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдайт. Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирээри айтылды. Президент "Бешинчи канал" жөнүндөгү мыйзамга кол койбогону тууралуу 18-октябрда анын маалымат кызматы билдирген. Мындай чечим бул мыйзамда өкмөт тарабынан каржылоонун булагы аныкталбагандыгы менен түшүндүрүлгөн. Президент бул мыйзамга кол коюудан экинчи ирет баш тартты. Парламент президенттин биринчи ветосун сентябрдын аягында карап, аны жеңген. Президент спикер Ахматбек Келдибековго жиберген катында парламент өкмөттүн корутундусун албай туруп эле мыйзамдын мурдагы редакциясын кайра жактырган деп белгилеген. Мыйзам күчүнө кирсе “Бешинчи канал” парламенттин карамагына өтөт. Буга чейин каналды парламенттик кылып кайра түзүү үчүн 300 миллион сом керектиги, аны каржылоого жылына 180 миллион сом сарпталары жана телеканалдын буга чейинки 40 миллион карызы бар экендиги кабарланган. "Бешинчи канал" мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин коррупциялык схемаларынын бир бөлүгү болгону айтылып келет.(BuS/RK)

XS
SM
MD
LG