Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Отунбаева: Парламенттик демократия жолубуз менен илгерилейбиз деп ойлойм


«Мен парламенттик демократиябыз өнүгүп, биз мындан ары да ушул жол менен илгерилейбиз деп ойлойм», - деп айтты бүгүн мамлекет башчысы Роза Отунбаева Бишкекте өткөн «Парламенттин эгемен Кыргызстандын калыптанышындагы ролу» эл аралык конференциясында сүйлөгөн сөзүндө. Президенттин пикиринде, өткөн жыл парламенттик демократияны куруунун, парламентаризмдин негиздерин түзүүнүн жылы болду. Азыркы тапта болуп жаткан процесстерди аңдап-үйрөнүү жүрүүдө. Роза Отунбаева азыркы парламенттин 20 пайызын аялдар түзө тургандыгын , Жогорку Кеңештин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымын да белгиледи. Конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, Түркиянын, Грузиянын, Казакстандын, Тажикстандын парламенттеринин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, жарандык сектордун өкүлдөрү катышты. Парламенттик башкарууга Кыргызстан былтыркы жылдын 27-июнундагы элдик референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык өттү. Борбор Азия аймагында мамлекеттик башкаруунун мындай формасына өткөн биринчи өлкө. (RK)

XS
SM
MD
LG