Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Путин Эркин соода келишимине кубанычта


Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө сегиз экс-советтик республика Эркин соода келишимине кол коюшту. Орусия премьер-министри Владимир Путин келишимди бошошуп калган кызматташууну чыңдоочу фундаменталдуу пакт деп атады:

- Биз өз рыногубузду бири-бирибизге ачабыз. Бул биздин рыноктогу бааларды төмөндөтүүгө болгон жакшы ыклас жаңы орток ишканаларды, жакшы шартты түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Албетте, мунун баары биздин экономикадагы атаандаштыкты күчөтөт.

Эркин соода жөнүндөгү келишимге Армения, Беларус, Молдова, Казакстан, Кыргызстан, Украина, Россия шейшемби күнү өкмөт башчылардын Санк-Петербургда өткөн саммитинен кийин күтүүсүздөн кол коюшту. Береги келишим улуттук парламенттер бекиткен соң келерки жылы күчүнө кирүүгө тийиш.

Путиндин сөзүнчө, жаңы келишим 1994-жылы кол коюлуп, бирок айрым өлкөлөр тарабынан бекитилбеген келишимди алмаштырат. Ал эми келишимге кошулуп-кошулбасын Өзбекстан, Азербайжан жана Түркмөнстан жыл соңуна чейин чечет.

XS
SM
MD
LG