Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Грекияда өкмөт планына каршы демонстрациялар башталды


Грек өкмөтүнүн катаал экономикалык саясатына каршы 48 сааттык иш таштоо өтүүдө. Өлкө байтакты Афинадагы жүрүшкө 70 миңдей адам чыкканын грек полициясы маалымдады. Эки чоң кесиптик кошуун уюштурган демонстрацияга металлург Танасис Протеллис да катышууда. Ал катаал экономикалык чарага барган ар кайсы өкмөт кулайт дейт:

- Биз баарыбыз, анын ичинде жумушчулар союздары өз нараазылыгыбызды билдирип, көчөлөргө чыгып, уюмдашып жатып, колго салынганы жаткан мыйзамды токтотобуз. Эгер парламент аны колдоп берсе, биз аны ишке киргизбөө үчүн көчө жүрүштөрүн улантабыз. Бул өкмөт, ал сунуш кылган чараларды колдогон бардык партиялар бийликтен кетиш керек.

Грекия парламенти салыктарды көбөйтүү, айлыктарды азайтуу жана ашыкча жумуш орундарын кыскартуу боюнча өкмөт сунуш кылган планды эртең бейшемби күнү карайт. Карызды азайтуу үчүн бюджетти үнөмдөөнү Афиныдан Евробиримдик жана Эл аралык валюта кору талап кылган.

XS
SM
MD
LG