Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Эрдоган: Күрт согушчандарына каршы кең алкакта операция жүрүүдө


Түркиянын түштүк-чыгышында күрт козголоңчуларынын кол салуусунан 24 түрк аскери жана полициячы курман болду. Бул күрт согушчандарынын акыркы бир нече жылдагы эң кандуу чабуулу болду. Премьер-министр Эрдоган өкмөттүк күчтөрдүн жоготуусу тууралуу мындай деди:

- Куржадан алынган акыркы тастыкталган маалымат боюнча, биз 24 жоокерибизди жэоготтук. 18 жоокер жарадар болду. Азыр кеңири масштабда аларга кууп жетүү, изине түшүп адебин берүү операциясы жүрүүдө. Биз региондогу операцияны эл аралык мыйзам чегинде өткөрүүдөбүз.

Түркиянын аскерий учактары согушчандарды кууп, Түндүк Иракка кирип барганы маалымдалууда. Береги окуяга байланыштуу премьер-министр Эрдоган Казакстанга болчу сапарын кийинге жылдырды.

XS
SM
MD
LG