Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

24-октябрды Cөз эркиндиги үчүн күрөш күнү деп жарыялоо сунушталды


24-октябрды Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн күрөштүн күнү деп жарыялоо керек. Бул тууралуу 50гө жакын медиа, укук коргоо уюм жана журналисттин өлкө жетекчилигине белгилүү журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлгөн күнүнүн 4 жылдыгына карата жолдогон кайрылуусунда айтылат.

Анда Саиповдун өлүмү дагы эле ачыла электиги, жапа чеккен журналисттердин тагдыры мамлекет үчүн кайдыгер калып жатканы баса белгиленген.

Кайрылуунун авторлору 24-октябрда Бишкекте Геннадий Павлюктун эстелигинин алдында Саиповду жана Павлюкту эскерүүгө, депутаттарды Жогорку Кеңештин 21-октябрдагы жыйынында Саиповду эскерүүгө чакырышты. Каза болгон Саиповго, Павлюкка жана кесиптик иши үчүн катуу сабалып, бычак жеген, учурда чет өлкөдө жашап жаткан Сыргак Абдалдаевге "Эрдик" медалын тапшыруу керектиги да айтылган.

2007-жылдын 24-октябрында Ошто журналист Алишер Саиповду белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Азыркыга чейин күнөөлүүлөр табыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG