Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Бишкектин жаңы конуштарынын балдарына да "Гүлазык" бериле баштады


Бүгүнтөн тарта Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы 6 айдан 2 жашка чейинки бөбөктөрдүн баарына тең "Гүлазык" бериле баштады. Алгач аны калкы жыш жайгашкан "Арча-Бешик" конушундагылар алышты. Тамагына кошула турган витамин жана минералдардын кошулмасы бекер таратылат. Максат - аз кандуулуктун алдын алуу жана аны азайтуу. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы балдардын 40 пайызы аз кандуулукка чалдыккан. Бул оору жетишсиз тамактанган балдарда пайда болот. Сорос-Кыргызстан фонду жана ЮНИСЕФ каржылаган бул долбоор 2009-жылдан бери ишке ашырылууда. Буга чейин өлкөнүн бардык облустарындагы балдар "Гүлазык" алышкан. Кошумча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы балдарды да камсыз кылуу чечими кабыл алынган болчу. Бишкектик бөбөктөргө "Гүлазык" берилген жок. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG