Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

Грецияда сарамжал чараларына каршы ири демонстрация өтүүдө


Афиныда 20 миңдей киши грек парламентинин алдына чогулду. Парламент бүгүн жаңы сарамжал чараларды талкуулап жатат.

Бул чаралар Европа Биримдиги менен Эл аралык Валюта корунан 8 миллиард евро чукул жардамынын кезектеги траншын алуу үчүн талап кылынууда.

"Биз бул мыйзамдын эч качан кабыл алынбашы үчүн күрөшөбүз. Мындай саясатка алып келген кырдаал менен да күрөшөбүз", - деди бүгүнкү акциянын Мела деген катышуучусу.

Шаршембиде баш калаада 100 миңдей киши демонстрацияга чыккан.

Сарамжал планында салыктарды көбөйтүү, айлыктарды кыскартуу каралып, жумуш орундары азайат деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG