Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Каддафинин өлгөндүгү бышыкталды


Ливиянын Улуттук Убактылуу кеңешинин маалымат министри Махмуд Шамман жана кеңештин эки маалымат катчысы Муаммар Каддафи өзү туулган Сирте шаарында качып бараткан жеринен өлтүрүлгөнүн билдиришти.

Эл аралык сыналгы каналдарынан Каддафиники деген өлүктүн сүрөтүн көрсөтүп жатышат. Убактылуу бийликтин аскер башчылары Каддафинин уулу Муттасим да өлтүрүлгөнүн айтышууда.

НАТО бүгүн Сирте шаарынан чыгып бараткан качкындардын авто-кербенин абадан бомбалаганын бышыктады. Бирок альянс Каддафинин өлгөндүгүн ырастай албай тургандыгын айтууда.

АКШнын Мамлекеттик департаменти да Каддафинин кармалганын же өлтүрүлгөнүн бышыктай элек. Бийликтер бүгүн Сирте шаары бошотулгандыгын билдирген.

Баш калаа Триполини убактылуу бийликтин куралдуу күчтөрү август айында каратып алган.

XS
SM
MD
LG