Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Ливияда Муаммар Каддафи өлтүрүлгөнүн майрамдап жатышат


Баш калаа Триполиде жана бир топ аймактарда мурдагы диктатордун өлүмүн кеңири майрамдап жатышканы кабарланууда.

Ал арада Каддафи кечээ кантип өлтүрүлгөнү тууралуу айрым жагдайлар белгилүү боло баштады. Ливиядагы өткөөл өкмөттөн билдиришкендей, Каддафи кармалганда атышуу болуп кеткен. Аны атууга эч кимге буйрук берилбегенин убактылуу өкмөттүн башчысы Махмуд Жибрил билдирди.

"Муаммар Каддафи өлтүрүлдү, - деп жарыялады Жибрил. - Биз, ливиялыктар, ушул тарыхый учурду көпкө күткөн элек".

Бүгүн өкмөт Ливия мурдагы режимди толук жеңгенин жарыялайт деп күтүлүп жатат.

69 жаштагы мурдагы диктатор кечээ өзү туулган Сирте шаарынан качып бараткан жерде өлтүрүлгөн. Ал өлкөнү 42 жыл башкарды. Анын уулдарынын бири Мутассим да атышууда өлгөнү кабарланды. Экинчи уулу Сейф ал-Исламдан азырынча дайын жок.

АКШнын президенти Барак Обама: “Каддафинин өлүмү менен ливиялыктардын жашоосунда узакка созулган оор мезгил аяктады”, - деп билдирди. Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун да муну “тарыхый окуя” деди. Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон бул күндү “Каддафинин режиминин курмандыктарын эскерүү күнү” десе, француз президенти Николя Саркози Каддафинин өлүмүн “Ливия үчүн негизги кадам” катары атады.

XS
SM
MD
LG