Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Грецияда кечээ парламент мамлекеттик казынадагы чыгымды кыскартуу чараларын жактырды


Афинада коммунисттерди колдогондор менен алардын каршылаштары демонстрация учурунда кагылыша кетишти, 20-октябрь, 2011
Афинада коммунисттерди колдогондор менен алардын каршылаштары демонстрация учурунда кагылыша кетишти, 20-октябрь, 2011
Чет-өлкөлүк донорлор грек өкмөтүнө 109 млрд.евро каржылык колдоо “бул өлкө чыгашаны азайтуу тууралуу чечкиндүү чарага барса гана берилет” деп билдиришкен. Андыктан өкмөт өзүндө чыгашасын кыскартып, салыкты көбөйтүп, айлык-пенсияны азайтууну көздөгөн.

Бул чараларды кечээ депутаттардын 154 колдоду, 144 депутат каршы добуш берген.

Ошол эле маалда Афинада жаңы мыйзамга каршы болгондордун демонстрациясы учурунда кагылыш болуп, бир адам набыт болду, дагы 70 киши жаракат алды.

Грек өкмөтүнө финансылык колдоо көрсөтүү маселесин донорлор ноябрдын этегинде чечээри айтылды.

XS
SM
MD
LG