Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Ташкенде “Алтын гепард” кинофорумуна кыргыз тасмасы катышууда


Кыргызстандык жаш кинорежиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Кумурсканын бору” фильми кыска метраждуу тасмалардын конкурстук программасында катышып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул күндөрү Ташкенде кинофорумга катышып жаткан кыргызстандык белгилүү киносынчы Гүлбара Төлөмүшева кабарлады. Ал М.Абдыкалыковдун тасмасын “конкурстук программадагы эң мыкты фильмдердин бири” деп атады. Андан сырткары, Төлөмүшева Ташкенге бир нече жаш кыргыз режиссерлорунун фильмдерин алып барганын, жергиликтүү студенттер менен “Кыргыз киносунун бүгүнкү абалы” деген атайын семинарда көрсөтүлөөрүн кошумчалады.

Өзбекстанда “Алтын гепард” Эл аралык Ташкен кинофоруму быйыл алгачкы жолу өтүп жатат. Ага Европанын, Азиянын, Африканын, Түндүк жана Түштүк Американын 45 мамлекетинен тасмалар көрсөтүлүүдө. Быйылкы форумдагы негизги тема катары маданияттардын ортосундагы байланыш, жеке адамдын тагдырын сүрөттөө аталды. Фестиваль 25-октябрда жыйынтыкталат. (TD)

XS
SM
MD
LG