Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Бишкектеги балдарга да "Гүлазык" берүү мүмкүнчүлүгү каралууда


Бишкек шаарынын өзүндө жашаган балдарга да "Гүлазык" берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. 6 айлык ымыркайдан 2 жашка чейинки балдардын тамагына кошулуп берилүүчү витамин жана минералдардын комплекси буга чейин Кыргызстандын бардык облустарына таратылган. Кечээтен тарта Бишкектин четиндеги жаңы конуштарга бериле баштады. "Гүлазык" ЮНИСЕФ жана Сорос-Кыргызстан фондусунун жардамы менен бекер берилүүдө. Ал Кыргызстандын табигый шартында жетишсиз болгон витаминдерди, мисалы, темирди камтыйт. Индияда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көзөмөлү астында даярдалат. (RK)

XS
SM
MD
LG