Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Жалал-Абадда ишкерлер насыя акча берилбегенине нааразы болушту


Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө бугүн топтолгон 20-30дай ишкер мурда убада айтылган 150 миң сомдон насыя берүү создукканына нааразы болушту. Бул тууралуу кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов маалымдайт. Алар насыя алуу үчүн арыз менен бир-бир жарым айдан бери убара болушуп, былтыркы баш аламандыкта жараксыз болгон дүкөн, кафе, ресторандарын иштете албай жаткандыктарын билдиришти. Өкүлчүлүктүн кеңешчиси Түгөйбек Узакбаев жабыр тарткан ишкерлердин тиешелүү документтери толук болбогондуктан, облустук ички иштер башкармасынын орун басары жана облустук каржы полициясы тизмеге кол коё электигин түшүндүрдү. Анын айтымында, облуста 400дөн ашуун ишкер жабырлануучу деп катталган. Ички иштер башкармасынын орун басары Таирбек Жоробеков ар бир жабыр тарткан имарат боюнча анын былтыркы окуяда жараксыз болгонун тастыктаар тергөөчүнүн токтому зарылдыгын белгиледи. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG