Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

ИИМдин байкоочу кеңешинин жетекчилиги иштөөдөн баш тартты


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Алмаз Курманкулов жана орун басары Таалайгүл Исакунова кызматтарынан баш тартышты. Кеңештин жооптуу катчысы Сардар Багишбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, экөө тең негизги кызмат орду боюнча иштери көп болгондуктан Коомдук кеңешти тиешелүү деңгээлде жетектөөгө убакыттары жетишпей жатканын айтышкан. Бирок катардагы мүчөсү катары кала беришет. Жаңы жетекчиликти шайлоо 4-ноябрга белгиленди.

Мамлекеттик органдардын ишине коомчулуктун көзөмөлүн камсыздоо үчүн президент Роза Отунбаева ар бирөөндө Коомдук байкоочу кеңеш түзгөн. Алардын мүчөлөрүнө айлык төлөнбөйт.

ИИМдин Байкоочу кеңшинде 19 адам бар. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" 12-октябрда курган маегинде Ички иштер министрлигинде түзүлгөн коомдук байкоочу кеңеш милициянын ишинде азырынча эч нерсени өзгөртө алган жок экенин айткан. Анын айтымында, байкоочу кеңеш учурда төрт багытта иш алып барууда: мыйзам багытында, кармалгандар боюнча, кадр маселеси жана кварталдык полиция боюнча.

"Биз азырынча байкоо, сүйлөшүү менен гана чектелип жатабыз. Бир нерсени өзгөртүп жибердик дегенден алысмын. Бирок жолугушууларды өткөрүп, жабык жайларга барып кабар алып турганга мүмкүнчүлүк алдык", - деп айткан укук коргоочу. (RK)

XS
SM
MD
LG