Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Москвада кыргыз сүрөтчүсүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жана Соода өкүлчүлүгү кыргызстандык жаш сүрөтчү, маркум Жылдыз Заркунованын сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруп жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. "Аалам менен сүйлөшүү" деп аталган көргөзмөгө 140 сүрөт коюлат. Алар компьютердик графиканын жардамы менен жасалган. Азиянын маданияты, оймолору, Кыргызстандын духу, тарыхы чагылдырылган. Көргөзмө 22-октябрда Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунда ачылат. Эки жума бою өтөт. Жаш сүрөтчү Жылдыз Заркунова өзүнүн эң алгачкы жеке көргөзмөсүн 16 жашында уюштурган. Анын көптөгөн сүрөттөрү Америка, Англия, Перу, Швейцария, Италия жана башка өлкөлөрдө бар. Сүрөтчү ушул жылдын феврал айында каза болуп калган. (RK)

XS
SM
MD
LG