Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Түрк тилдүү өлкөлөр кеңешинин байкоочулары Ошто болушат


Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин катчылыгынан байкоочулар Ош шаарына жиберилет. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Алматыда билдирди. Аталган уюмдун алгачкы саммитине ал төрагалык кылды. Назарбаевдин айтымында, Кыргызстанда боло турган президенттик шайлоого байкоочу катары Казакстандан дагы 65 адам катышат. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин бүгүнкү саммитине Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия катышышты. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда болот. (RK)

XS
SM
MD
LG