Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Депутат Бокоев: Орусияда катталуу мөөнөтүн узартуу керек


Жогорку Кеңеш бүгүн депутат Кенжебек Бокоевдин Кыргызстандын “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун талкуулады.

Орусияга барган кыргызстандыктардын Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө барып каттоого туруу мөөнөтүн 15 күн кылуу сунушталды. Себеби кээ бир шаарлардан кыргыз дипломатиялык пунктуна жетүү көп убакытты талап кылат. Учурда каттоого туруунун мөөнөтү 3 күн.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусиянын аймагында Кыргызстандын 350 миңден ашуун жараны бар. Бейрасмий булактар 1 миллиондун тегерегинде экенин айтышат.

Талкуу маалында депутат Каныбек Осмоналиев жарандарды каттоого 15 күн дагы аздык кылаарын айтып, бул мөөнөттү 1 айга чейин узартууну сунуштады. Мындай сунушту депутат Камила Талиева да колдоого алды. Төрага орунбасары Бакыт Төрөбаев экинчи тараптын, Орусия мамлекетинин мыйзамдарына туура келеби деген суроону койду. Баяндамачынын айтымында, орусиялык тарап кыргыз мыйзамдарына таянат. Мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG